Транспорт министрлиги жол оңдоо үчүн 669 техника сатып алат
RU

Транспорт министрлиги жол оңдоо үчүн 669 техника сатып алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 669 даана жаңы техникаларды сатып алат. Жабдуулар жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого пайдаланылат.

Техникалар мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын билдиришти.

Белгилүү болгондой, 2022-жылы 32 техника алынган.

"2019-жылы 46 техника насыяга алынса, 2020-жылы техника алынган эмес. Ал эми 2021-жылы аз санда гана техника алынган", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11082