Токмокто Lexus менен күйүүчү майларды ташыгандар кармалды
RU

Токмокто Lexus менен күйүүчү майларды ташыгандар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Токмок шаарына күйүүчү-майлоочу майларды аткезчилик жол менен ташыган топтун ишине бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилендей, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Токмок шаарынын жана Чүй районунун аймагына күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз алып келгендер аныкталды.

Күйүүчү май сактоочу жайды текшерүүнүн жыйынтыгында - Lexus GX470 үлгүсүндөгү 4 унаа, Mitsubishi Pajero үлгүсүндөгү 1 унаа жана Mercedes W140 үлгүсүндөгү 1 унаа аныкталып, айып короосуна киргизилди. Унаалардан 11 тонна күйүүчү май алынып, Токмок шаардык мамлекеттик салык кызматына тиешелүү документтерин текшерүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Азыркы учурда келтирилген чыгымды жана мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11091