Илья Варламов Россиянын "чет элдик агент" тизмесине киргизилди
RU

Илья Варламов Россиянын "чет элдик агент" тизмесине киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Юстиция министрлиги блогер Илья Варламовду "чет элдик агент" деп жарыялады.

Аталган министрлик Варламовду "мамлекеттик бийлик органдары кабыл алган чечимдер жана алардын саясаты жөнүндө так эмес маалыматтарды тараткан" деп эсептейт. Мекеме ошондой эле Варламовдун "чет элдик булактардан колдоо" алган дейт.

Аталган министрликтин реестрине ЛГБТ топторуна таандык "Парни Плюс/Парни+" сайты, Павел Чиков, "Путь к солнцу" оккультизм борборунун башчысы Светлана Лада-Русь, саясат таануучу Руслан Айсин, "Воля" партиясынын жана "Дождь" телеканалынын журналисти Богдан Бакалейко да кирген.

Павел Чиковду болсо Юстиция министрлиги "чет элдик агенттер тууралуу маалыматтарды даярдап, аны тараткан" деп эсептейт.

Белгилей кетсек, Россияда "Чет элдик агент" деп таанылган киши үч ай сайын жеке эсебиндеги каражат жана коомчулукка тараткан маалыматтары боюнча отчёт берип турууга милдеттүү. Болбосо эркинен ажыратылат.

Аталган мыйзам Россияда 2012-жылы кабыл алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11095