Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды
RU

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Финансы полициясынын генерал-майору Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясын күч структураларындагы маалымат булагы билдирди.

Белгилүү болгондой бүгүн, 30-мартта Жапыкеев башкы прокурор Курманкул Зулушевдин буйругу менен Ысык-Көл облусу боюнча прокурор болуп дайындалды.

Жапыкеев өзү жаңы кызматка дайындалуусу боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 17-октябрында Сыймык Жапыкеев ЭККМКнын төрагасы болуп дайындалган. Ал эми 2021-жылдын 5-мартында, Өкмөт бул ведомствону жоюп салууну чечкен. Ошол эле учурда Жапыкеевге финансы полициясынын генерал-майору наамы ыйгарылган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1109