Жол тескөөчүнү унаанын капотунда сүйрөгөн айдоочу күч менен кармалды
RU

Жол тескөөчүнү унаанын капотунда сүйрөгөн айдоочу күч менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте кайгуул кызматкерлери баш ийбеген айдоочуну күч менен кармады. Окуя тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан маалымат беришти.

Билдирүүгө ылайык, бул көрүнүш 24-мартта саат 9:40 чамасында орун алган. Анда Байтик Баатыр көчөсүндө жол тилкесинин экинчи катарынан солго бурулган Volkswagen Polo унаасынын айдоочусун жол тескөөчүлөр токтотушкан. Айдоочу баш ийбей, Байтик Баатыр көчөсү менен Иса Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен инспектордун токтоту тууралуу мыйзамдуу талабына баш ийбей, кызматкерди 5-10 метрге сүйрөп барып токтогон.

Айдоочу 51 жаштагы П.В. экени такталып, медициналык мекемеден текшерүүдө баңгизат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттарды колдонгону аныкталды. Унаасы айып короого токтотулуп, Октябрь РИИБине жеткирип бара жатканда П.В. унаадан түшүп качып кетүүгө аракет кылган.

Айдоочу ээнбаштык кылып, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерин унаанын капотунда сүйрөп кеткендиги үчүн тергөө бөлүмүнө тапшырып берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11104