Жогорку соттун төрагасы менен сүйлөшүүдөн кийин эки судья кызматтан кетти
RU

Жогорку соттун төрагасы менен сүйлөшүүдөн кийин эки судья кызматтан кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Рулда мас абалында кармалган Ысык-Көл сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаев менен Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбеков Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков менен сүйлөшүүдөн кийин кызматтан кетишти. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

Белгиленгендей, Замирбек Базарбеков Каракол шаарында судья Жеңишбек Барынбаевдин катышуусунда болгон окуянын бардык жагдайларын тактоо жана соттун аныктамасын бербеген Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбековдун аракеттери боюнча ыкчам кеңешме өткөргөн.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаев менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбеков судьяларды өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз беришкен. Алар өздөрү жасаган туура эмес иштерин, бийликтин сот бутагынын беделине көлөкө түшүргөндөрүн моюнга алышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле жыйындын жыйынтыгында Каракол шаардык сотунун судьясы Азамат Абдираевге карата одоно мыйзам бузууга жол бергендигине байланыштуу тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө сунуштаманы Судьялар кеңешине жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, инспекторлор протоколду туура эмес толтурган деген жүйөө менен судья Абдираев мас абалында унаа айдагандыгы боюнча маселеде жол тескөөчүлөргө иш козгогон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11110