Мамлекеттик нотариустар алты күндүк иш жумасына өтүштү
RU

Мамлекеттик нотариустар алты күндүк иш жумасына өтүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жарандарга жана юридикалык жактар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле, мамлекеттик нотариалдык кеңселердеги чоң кезек күтүүдѳгү көйгөйлөрдү чечүү максатында, Бишкек жана Ош шаарлары, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат жана Өзгѳн райондорундагы мамлекеттик нотариустары үчүн алты күндүк иш жумасы белгиленди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Эми жарандар ишемби күнү да саат 15:00 чейин нотариалдык кызматтарды алуу үчүн жогоруда белгиленген нотариалдык кеңселерге кайрыла алышат.

Ошол эле учурда, жарандарга жана юридикалык жактарга нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик нотариалдык кеңселердин жумушун жеңилдетүү максатында, Юстиция министрлигинин сунушу боюнча айрым жеке нотариустар макул болуп, насыя бүтүмдѳрүн каттоодо нотариалдык иш-аракеттер үчүн акыны төмөндөтүштү. Мисалы, буга чейин насыя алууда жеке нотариустар күрѳѳ келишимин 3000 ден 4000 сомго чейин күбѳлѳндүрүп келишсе, азыр

бүтүмдөрдүн татаалдыгына жараша, бардык кошумча бүтүмдөр менен мамлекеттик жыйымдардын наркын кошкондо 1000 ден 2000 сомго чейин баасы төмөндөдү

Кызмат кѳрсѳтүүнүн баасын жана жеке нотариуска кайрыла турган убакытты шилтеме аркылуу текшере аласыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1111