Бүгүн Кыргызстандын курама командасы Мьянма менен беттешет. Убакыт-сааты
RU

Бүгүн Кыргызстандын курама командасы Мьянма менен беттешет. Убакыт-сааты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-мартта, Кыргызстандын улуттук курама командасы Мьянманын курама командасы менен футбол талаасында беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдирди.

Оюн Индиянын Импхал шаарында "Үч улуттун кубогу" эл аралык турниринин алкагында өтүүдө.

Ага катышкан үч команда: Индия, Кыргызстан жана Мьянма бири-бири менен ойнойт.

Белгилей кетсек, буга чейинки оюнда Индия Мьянманы 1:0 эсебинде утуп алган.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча 18:30да башталат.

Оюнду KYRGYZ SPORT TVнын YouTube каналынан көрүүгө болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11131