Түркиянын Кахраманмараш провинциясында акыркы эки күндүн ичинде төрт жер титирөө болду
RU

Түркиянын Кахраманмараш провинциясында акыркы эки күндүн ичинде төрт жер титирөө болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы эки күндө Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш провинциясында дагы төрт жер титирөө катталды. Бул тууралуу Anadolu жазды.

Түркия өкмөтүнүн Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана алдын алуу башкармалыгынын (AFAD) маалыматы боюнча:

  • 24-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:10до күчү 4,4 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөөнүн очогу Нурхак аймагындагы жердин 15,5 км тереңдигинде болгон;
  • 25-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:39да күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Экинозю аймагындагы жердин 7 км тереңдигинде болгон;
  • Жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:33тө күчү 4,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Гөксүн аймагында болгон;
  • Элбистан аймагында жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду.

Курмандыктар жана кыйроолор тууралуу азырынча маалымат жок.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11133