Bespredel.kg баракчасынын администратору Афтандил Жоробеков суракка чакыртылды
RU

Bespredel.kg баракчасынын администратору Афтандил Жоробеков суракка чакыртылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Bespredel.kg баракчасынын администратору Афтандил Жоробеков Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына суракка чакыртылды. Бул туурасында Жоробеков Facebook баракчасына чакыруунун сүрөтүн жарыялады.

Ал кайсы иш боюнча күбө катары суракка чакыртылганы азырынча белгисиз.

"Мамлекет 2 достун менчиги эмес. Өздөрүн Кудайга теңеп, биз гана чындыкты айтабыз, калгандардын оозун жабабыз дегендер жаңылышат. Тирүү чөө болгондон, өлүк жолборс болгон артык", - деп жазган Жоробеков.

Чакыруу барагында көрсөтүлгөн дата туура эмес белгиленген.

Эске салсак, 2019-жылдын ноябрь айында Афтандил Жоробеков аймактар ​​аралык кастыкты козутуу фактысы менен кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Андан кийин ал атайылап жалган жана чагымчыл маалыматтарды камтыган басылмаларды тараткан деп айыпталган. Аймактар ​​аралык кастыкты чакырган тексттер Bespredel.kg басылмаларынын астындагы комментарийлерге башка колдонуучулар тарабынан калтырылган. Кыргызстандыктар социалдык тармактарда укук коргоо органдарынын аракеттерине нааразылыгын билдиришип, "Мен/Биз Афтандил Жоробековбуз" акциясы башталган. 5-декабрда соттун чечими менен Афтандил Жоробеков үй камагына чыгарылган.

2020-жылдын 27-майында Афтандил Жоробековго карата иш жабылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11143