Баасы 1,2 млн доллар. Кыргызстан аркылуу ири өлчөмдө героин ташыган жаран аныкталды
RU

Баасы 1,2 млн доллар. Кыргызстан аркылуу ири өлчөмдө героин ташыган жаран аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө ири өлчөмдөгү героинди ташуу боюнча эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Атайын операцияны Кыргызстан менен Казакстандын коопсуздук кызматы жүргүзгөнүн ИИМден кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан аркылуу афган баңгизаттарынын ири партияларын ташууга жана сатууга адистешкен эл аралык баңги тобунун ишине бөгөт коюу боюнча эл аралык атайын операция өткөрүлдү.

Атайын операциянын жыйынтыгында 100 килограммдан ашык героинди ташыган жана сактаган каналдын уюштуруучусу - 1986-жылы туулган Тажикстан Республикасынын жараны К.О.А. Алматы шаарынын аймагынан кармалды. Ал баңгизаттарды Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу ташып жүргөн.

Учурда баңги тобунун башка катышуучуларын аныктоого багытталган мындан аркы биргелешкен иш-чаралар уланууда.

ИИМден кошумчалашкандай, жогорудагы аныкталган баңгизаттын болжолдуу баасы 1 миллион 190 миң долларды түзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11151