Машина куруу жана штамптоочу заводдордун мүлкү "Кыргызиндустрияга" берилет
RU

Машина куруу жана штамптоочу заводдордун мүлкү "Кыргызиндустрияга" берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун мындан аркы ишмердүүлүгү боюнча токтомго кол койду.

Документке ылайык, импортту алмаштыруучу өндүрүштөрдү "Кыргызиндустрия" ишканасына бир жылдык мөөнөткө (узартуу укугу менен 15 жылдык мөөнөт) бекер пайдаланууга берүүнү камсыз кылуу "Бишкек машина куруу заводу" жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна сунушталды.

Ага ылайык, №110/6 кВ "Ленин атындагы завод" көмөкчордону, №35/6 кВ негизги төмөндөтүүчү көмөкчордону жана "Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасынын 35/6 кВ кабелдик чубалгылары да "Кыргызиндустрияга" акысыз пайдаланууга берилет.

Андан тышкары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдындагы "Объекттерди башкаруу дирекциясы" мамлекеттик ишканасынын "Элдик" филиалы "Кыргызиндустриянын" ишенимдүү башкаруусуна өткөрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11152