Телеалыпбаруучу түз эфир учурунда жыгылып колун сындырып алды (видео)
RU

Телеалыпбаруучу түз эфир учурунда жыгылып колун сындырып алды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык Биринчи каналдын "Время покажет" программасынын алыпбаруучусу Екатерина Стриженова съемка жүрүп жаткан учурда жыгылып, колун кокустатып алды. Бул тууралуу РИА новости билдирди.

Анын кесиптеши Руслан Осташко Стриженова тез жардам менен ооруканга жеткирилгенин тастыктады.

Осташконун айтымында андан аркы съемкалардын графиги тактала элек.

"Программа андан ары улана берет. Ал жакта алып баруучулар жетиштүү. Менимче эфирди бөлүштүрүп коюшса керек. Катяга бардыгы тезирээк сакайып кетишин каалап жатышат. Колу сынгандыгы тастыкталса керек", - деп агенттикке айтып берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1115