Телефондон алдап, акча алып жүргөн шектүү кармалды
RU

Телефондон алдап, акча алып жүргөн шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде тургундарды жакын адамдары кырсыкка кабылганын айтып, акча алып жүргөн 20 жаштагы бала кармалды. Бул туурасында Баткен облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал Баткен районунун Самаркандек айылында жашаган 50 жаштагы А.А. аттуу аялдын 15 жаштагы уулунун телефонуна чалып "жездең болом, машина менен койдуруп кеттим, мага тезинен 120 миң сом котор" деген. Буга ишенген аял терминалдан 50 миң сом, Баткен шаарына барып калган 70 миң сомду салып жиберген. Ал алданганын билгенден кийин милицияга кайрылган.

"Ал эми 5-март күнү Лейлек районунун Кулунду айылында 37 жаштагы С.З. аттуу аялга чалып, "уулуңуз бирөөнү машина менен сүзүп алды, биз сүйлөштү, ошол үчүн 50 миң сом которуңуз" деп айткан. Бул жабырлануучу акчаны терминал аркылуу жөнөткөн", - деп айтылат маалыматта.

Натыйжада бул кылмышка шектелип, Баткен милициясынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 17-мартта Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылынын тургуну, 20 жаштагы С.Р. Сокулук районунан кармалган.

"Ал мурда да "Алдамчылык" беренеси менен сот жообуна тартылганы белгилүү болду", - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган фактылар Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11168