ӨКМ: Толуу райондордо кар көчкү түшүшү күтүлөт
RU

ӨКМ: Толуу райондордо кар көчкү түшүшү күтүлөт

Все самое интересное в Telegram

Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеме төмөнкү жолдордо эрежелерди сактоону эскертет:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымы Төө-Ашуу ашуусу;
  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымы Чоң-Ашуу ашуусу;
  • Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымы Сөөк ашуусу 60-94 чакырымы Кара-Гөө ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

"Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11169