Кыргызстанда бир жумада 36 кишиден коронавирус аныкталды
RU

Кыргызстанда бир жумада 36 кишиден коронавирус аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 20-26-мартта Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен пневмониянын 36 жаңы учуру катталганын кабарлады.

COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын 13ү ооруканага жаткырылган.

2022-жылы вирусту 88 миңден ашуун адам жуктурганы белгилүү болгон.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталып, былтыр басаңдаган коронавирус пандемиясы 206 миңден ашуун адамга жугуп, 3 миңдей киши кайтыш болду.

Өлкөдө өзгөчө абал режими 2020-жылдын 22-мартында киргизилип, былтыр 1-ноябрда алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11170