Евро-2024: Казакстандын футболчулары Данияны сенсациялуу жеңип алды
RU

Евро-2024: Казакстандын футболчулары Данияны сенсациялуу жеңип алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Даниянын курамасын 3:2 эсебинде утуп алды. Эл аралык спорт серепчилери муну сенсациялуу жеңиш деп аташты.

Белгилей кетсек, учурда Казакстан 2024-жылкы Европа чемпионатынын тандоо туруна катышып жатат.

Тандоо оюну 26-мартта Астанада өттү. Анда даниялыктар 2:0 эсебинде алдыда келе жатып, бирок оюн аяктагыча казакстандын футболчулары удаа 3 гол киргизгенге үлгүрүштү.

Бул казакстандык команданын тандоо айлампасындагы биринчи жеңиши. Эми алар 17-июнда Сан-Марино менен беттешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11171