Чет элдик жаран чек арадан тыйын чычкандарды алып өтүүгө аракет кылганда кармалды
RU

Чет элдик жаран чек арадан тыйын чычкандарды алып өтүүгө аракет кылганда кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын чек арачылары 27-мартта "Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунан мыйзамсыз жүк алып өтүүгө бөгөт коюшту. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, чет элдик жаран тыйын чычкан алып өтүүгө аракет кылган.

Белгиленгендей, Кыргызстандан Өзбекстанга бара жаткан Өзбекстандын 1979-жылы туулган М.М. аттуу жараны мыйзамсыз түрдө 13 тыйын чычкан алып өтмөкчү болгон.

Тыйын чычкан темир капастарда болгон. Капастар 3 рюкзакка салынып, үстүнө кийимдер менен жабылган. Чет элдик жаранда тиешелүү документтер болгон эмес.

"Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин жаран жана тыйын чычкандар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11191