Бомба коюлган деген маалымат үчүн 3 мектеп жана чиркөө эвакуацияланды
RU

Бомба коюлган деген маалымат үчүн 3 мектеп жана чиркөө эвакуацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-мартта Бишкектин бир нече мектептерине жардыруучу заттар коюлганы тууралуу анонимдүү маалымат келип түшкөн. Тартип сакчылары эртең менен №63 мектепти, түштөн кийин "Сапат билим" жана "Алтын башат" билим берүү уюмдарын эвакуациялап, саат 15:30га жакын №33 мектеп-гимназиясынын окуучулары менен мугалимдерин эшикке алып чыгышты.

Белгиленгендей, "Сапат Билим" мектебине жардыруучу зат коюлганы тууралуу билдирүү саат 12:00дөр чамасында келип түшкөн. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги иш алып барышкан. Аймак курчоого алынып, кызматкерлер жана жарандар эвакуацияланган. Окуу борборунун аймагы текшерилгенден кийин эч кандай жардыргыч зат табылбай, курчоо алынды.

Ошондой эле чиркөөгө бомба коюлганы тууралуу билдирүү болгон. Ал жердеги адамдардын бары эвакуацияланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11197