Кыргызстандык самбочулар дүйнө кубогунда алты медаль утту
RU

Кыргызстандык самбочулар дүйнө кубогунда алты медаль утту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Москва шаарында өткөн "Самбонун негиздөөчүлөрүнүнө арналган" дүйнө кубогунда байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Спорттук самбо боюнча (эркектер арасында):

  • 1 орун – Жамалбек Асылбек уулу (88 кг);
  • 3 орун – Кайрат Жусуп уулу (58 кг).

Күжүрмөн самбо боюнча (эркектер арасында):

  • 2 орун – Бектур Идирисов (88 кг);
  • 3 орун – Даниэль Асеков (58 кг);
  • 3 орун – Бекназар Жээмырзаев (98 кг).

Спорттук самбо боюнча (кыз-келиндер арасында):

  • 3 орун – Канышай Аманкулова (50 кг).

Эскерте кетсек, "Самбонун негиздөөчүлөрүнө арналган" дүйнө кубогу 24-27-март күндөрү Москва шаарында өтүп, ага 10 өлкөдөнүн спортчулары катышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11201