Бишкекте таштандыларды жер астында сактоочу жайдын долбоору сунушталды
RU

Бишкекте таштандыларды жер астында сактоочу жайдын долбоору сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Раззаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде таштандыларды жер астында сактоочу жайдын долбоору сунушталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, аянтча 2 таштанды контейнери менен жабдылган.

Долбоорду Түркиянын "Агентство Интернэшнл Консалтинг" компаниясы ишке ашырууда.

"Заманбап технологияларды киргизүү таштандыларды чогултуунун жана сактоонун жаңы системасын түзүүгө, ошондой эле шаар көчөлөрүнүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда таштанды контейнерлеринин жана участокторунун жанында тазалыкты жана тартипти орнотууга өбөлгө түзөт, тамак-аш калдыктарынын чиришинен жыт болбойт. Эң негизгиси, мындан ары жолбун ит, мышыктардын чогулган жери болбойт", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11202