Садыр Жапаров таэквондо боюнча ардактуу дан алды
RU

Садыр Жапаров таэквондо боюнча ардактуу дан алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясынын президенти Чунг Вон Чону кабыл алды. Тараптар дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташууну, ошондой эле спорттук медицинаны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты дешет кабминдин маалымат бөлүмүнөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы таэквондо жаштарды эрктүүлүккө жана тартипке тарбиялоого, ошондой эле сергек жашоо образын жайылтууга багытталган өлкөдөгү эң популярдуу спорттун түрлөрүнүн бири экенин белгиледи.

Өз кезегинде Чунг Вон Чо Акылбек Жапаровго өзүн-өзү коргоо өнөрүнүн бул түрүн жайылтууга багытталган иштер тууралуу айтып берди, өзгөчө социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдарын таэквондого акысыз үйрөтүү боюнча иштерди белгиледи.

Ал ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясынын президиуму таэквондо (WTF) боюнча ардактуу тогузунчу данды Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго ыйгарууну чечкендигин, ал жакын арада ага ыйгарыла турганын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11209