Мечитке барган жарандын буюмдары уурдалган. Шектүү камакка алынды
RU

Мечитке барган жарандын буюмдары уурдалган. Шектүү камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте мечиттердин биринен уюлдук телефон, унаанын ачкычын жана башка буюмдарды уурдап кеткенге шектүү кармалды. ИИМдин маалымат кызматынан белгилешкендей, окуя 2022-жылы декабрь айында болгон.

Анда Бишкек шаарындагы конуштарынын бириндеги мечитке белгисиз жаран кирип, ар кандай каражаттарды уурдаган. Намаз окуп чыккан жаран буюмдарынын уурдалганын айтып, милицияга кайрылган.

Бул факты 205-берене (уурдоо) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө мечиттеги камерага жазылган видео алынган. Анда белгисиз адам эл намаз окуй баштаганда кийимдер илинип турган жерден киймди алып чыгып кеткен.

Ыкчам кызматкерлер шектүү Алай районунун тургуну 1992-жылы туулган М.У. экенин такташкан. Ошондой эле ал мурда соттолгону маалым болгон. Шектүү кармалып, тергөөгө өткөрүлдү. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11212