Россия жана Беларустун спортчуларына нейтралдуу макамда турнирлерге катышуу сунушталууда
RU

Россия жана Беларустун спортчуларына нейтралдуу макамда турнирлерге катышуу сунушталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия жана Беларустун спортчулары дүйнөлүк турнирлерге нейтралдуу макамда чыгаруу сунушталды. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитети маалымдады.

Мындай чечим уюмдун Лозанна шаарында шейшембиде өткөн отурумда кабыл алынды.

Буга ылайык, эки өлкөнүн спортчулары беттештерге нейтралдуу макамда, өлкөсүнүн желек, гимн жана башка эн белгилерин колдонбой гана катыша алышат.

"Алар командалык беттештерге коё берилбейт, жеке чыгууга укуктуу. Спортчу Украинага кол салууну кубаттабаган, куралдуу күчтөрдүн же күч мекемелеринин өкүлү болбоого тийиш. Алар кайсы бир өлкөнү эмес, өзүн гана тааныштырат", - деп айтылат маалыматта.

Бирок Россия менен Белорустун спортчулары 2024-жылы Парижде жана 2026-жылы Миланда өтүүчү Олимпиада оюндарына катыша алышпайт. Себеби бул оюндар боюнча чечим кийин кабыл алына элек.

Ал арада Россиянын Олимпиадалык комитети Эл аралык олимпиада комитетинин "нейтралдуу макамда чыгуу" чечимин "улутуна карап басмырлоо" деп сыпаттады. Ал эми командалык оюндарга тыюу салынуусун "спортчуларды паспортуна карап басмырлоо гана эмес, оюндар боюнча да басмырлоо" деп билдирди.

Эске салсак, Россиянын жана Беларустун спортчулары эл аралык мелдештерден четтетилген. 35 өлкө россиялык жана беларустук спортчулардын дүйнөлүк беттештерден чыгарууну колдорун билдиришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11218