Баткенде 2,5 баллга жеткен жер титирөө болду
RU

Баткенде 2,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 29-мартта Баткен облусунун аймагында жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 11:22де Тажикстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районунун Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилди.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11224