Малика Дина Бакудагы эл аралык иш-чарада сыймыктуу наамдын ээси болду
RU

Малика Дина Бакудагы эл аралык иш-чарада сыймыктуу наамдын ээси болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Малика Дина Баку шаарында өткөн Global Repuation Awards эл аралык сыйлык тапшыруу аземинде The celebrity singer of the Asia номинациясын жеңип алды.

Global Repuation Awards бул бизнес дүйнөсүндөгү глобалдык кызматташтык идеяларын бириктирген долбоор. Негизги максаты - бул тармакта жогорку натыйжалары менен айырмаланган адамдарды бири-бири менен жакындан тааныштыруу жана алардын иш-аракетин колдоо жана баалоо болуп саналат.

Ал эми ырчы башында телефон аркылуу чакырышканын, анда ишенбегенин, качан гана расмий түрдө кат жөнөткөндө ишенгенин билдирген. Ал 1 айдын ичинде даярдык көрүп, Кыргызстан тууралуу ролик да тарттырган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, номинацияга ээ болуп, сыйлык алгандардын арасында кыргыз ырчысы Малика Динадан тышкары өзбекстандык ишкер айым Луиза Шарахметова, түркиялык жазуучусу Эндер Сарач, түрк зергер буюмдарынын брендинин негиздөөчүсү Мюге Онаг, өзбек актрисасы Асоль Шодиева жана башкалар бар.

Иш-чара дүйнөнүн белгилүү бренддеринин негиздөөчүлөрү, ошондой эле бул чөйрөдө добуш берүүгө укугу бар белгилүү инсандардын катышуусунда өттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11225