Россия кура турган мектептин бүтүрүүчүлөрүнө эки аттестат берилет
RU

Россия кура турган мектептин бүтүрүүчүлөрүнө эки аттестат берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Россиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Президенттин администрациясынан белгилешкендей, жолугушуу бүгүн, 29-мартта болду.

Мамлекет башчы эки өлкө элинин боордоштугу, алардын тарыхый жана маданий жалпылыгы Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүнүн негизги фактору катары карала турганын белгиледи. Ошондой эле кыргыз-орус кызматташтыгын илгерилетүүдөгү колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда орус тилинде окуткан 9 орто мектепти куруу боюнча кол коюла турган макулдашуунун маанисин белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстанда орус тилинин статусу маселесине токтолуп, саясий манипуляция жасоо аракеттерине чечкиндүү каршы экенин белгиледи – орус тили өлкөнүн Конституциясында расмий тил катары бекитилген.

Президент Садыр Жапаров өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынынын жыйынтыгы кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгын тереңдетүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Өз кезегинде Алексей Оверчук Кыргызстан менен Россияны өнөктөштүк жана ишенимдүү мамилелери бириктирип турганын, Садыр Жапаровдун Россияга күтүлүп жаткан расмий сапары эки өлкөнү мындан да артык жакындашуусуна кызмат кыларын белгиледи.

Алексей Оверчук бүгүн кол коюлчу макулдашуунун алкагында Кыргызстанда курула турган мектептердин долбоору тууралуу айтып берди. Маалыматка ылайык, жаңы жалпы билим берүү жайларынын бүтүрүүчүлөрү эки үлгүдөгү - Кыргызстан менен Россиянын аттестаттарын алышат.

Заманбап мектептер төрт корпустан турат: административдик, спорттук, башталгыч класстар үчүн жана өзүнчө жогорку класстар үчүн. Окуу комплекси заманбап техника менен жабдылып, оюн аянтчасы, бассейндер жана спорт залдары болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11226