Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга белгиленди
RU

Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга белгиленди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 59, 65-беренелерин жетекчиликке алуу менен "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамы токтом кылат:

  • 2023-жылдын 28-майына VII чакырылыштагы № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо;
  • Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия шайлоону мыйзамга ылайык өткөрүүнү уюштурат.

Башкы прокуратурага шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Конституциянын жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу тапшырылды.

"Бишкек шаарынын мэрине тиешелүү аткаруу бийлик органдарынын жана шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоо, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө уюштуруучулук, материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине көмөк көрсөтүү дагы тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11228