"Акжол" өткөрүү пункту бүгүн төрт саатка жабылды
RU

"Акжол" өткөрүү пункту бүгүн төрт саатка жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

30-март күнү саат 08:00дөн 12:00гө чейин "Акжол-автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу жеке адамдардын, унаалардын жана жүктөрдүн өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Бул өткөрүү пунктундагы оңдоо иштерине байланыштуу. Ага ылайык, жарандар жана транспорт каражаттарынын айдоочулары маршруттарын алдын ала пландап алуулары зарыл.

"Зарыл болгон учурда жарандар жана айдоочулар Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу Чүй облусунун аймагындагы "Чалдыбар", "Ак-Тилек ", "Токмок", "Кең-Булуң" көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу өтө алышат", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11229