Чек арачылар "Эркечтамдагы" унаалардын тыгыны жөнүндө билдирүү таратты
RU

Чек арачылар "Эркечтамдагы" унаалардын тыгыны жөнүндө билдирүү таратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. УКМКнын Чек ара кызматы 29-мартка карата "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдында жүк ташуучу унаалар топтолуп жатканын белгилейт.

"Бул жүк ташуу менен алектенген Кыргызстандын жарандарына берилген визалардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу. Аба ырайынын жакшырышы да жүк ташуунун көбөйүшүнө таасирин тийгизди.

Белгилей кетсек, жүк ташуулардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлери нормадан ашыкча иштеп, суткасына 300дөн ашык жүк ташуучу унааларды чек арадан өткөрүүдө. Бул пункттун өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн бир нече эсе жогору.

Чек ара кызматы айдоочуларды жана жүк ташуучуларды бул кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт",-деп айтылат маалыматында.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11230