Ошто 43 окуучу белгисиз нерсеге ууланышты
RU

Ошто 43 окуучу белгисиз нерсеге ууланышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштун Кара-Суу районундагы орто мектептердин биринде 6-класстын окуучулары белгисиз нерсеге ууланышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен Kaktus.kg сайтына тастыктап, окуя тууралуу маалымат беришти.

Белгилүү болгондой, 29-мартта 43 окуучу "Тез жардам" кызматы менен Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген. Алдын ала окуучуларга белгисиз нерсеге ууланган деген диагноз коюлган.

"Саат 16:00 чамасында окуучулар бейтапканага жеткириле баштаган. Баары дарыгерлердин кароосунан өтүп, анализдер алынган. Алардын 18и көзөмөлгө алынган. Дарыгерлер консилиум өткөрүшүп, бүгүн, 30-мартка карата 4 бала ооруканада калып, калган 14 бала үйлөрүнө чыкты", - дешти министрликтен.

Сүрөт: Tengrinews.kz

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11232