"Агай" тасмасынын жаратуучуларына сыйлыктар тапшырылды
RU

"Агай" тасмасынын жаратуучуларына сыйлыктар тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият министрлиги "Агай" тасмасынын жаратуучуларына ведомстволук сыйлыктарды тапшырды. Иш-чара 29-мартта А. Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтүп, анда "Агай" көп сериялуу тасмасынын жабык көрсөтүүсү болду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев кино жараткандардын ишине мындан аркы ийгиликтерди каалап, тасмага тартылган айрым таланттарга министрликтин ведомстволук сыйлыктарын жана ыраазычылык каттарын тапшырды.

"Агай" тасмасында Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон 1990-жылдардан кийинки айыл жериндеги социалдык, экономикалык, маданий абал чагылдырылган. Тасмадагы башкы каарман - Гапыр агай. Ал аксаган билим сапатын жогорулатууну көздөп бирок бир топ кыйынчылыкка жана бут тосууга тушукканына карабастан жыйынтыгында максатына жетип гимназия ачкан.

Гапыр Мадеминов - Баткен облусундагы Лейлек районунун коңшу Тажикстан менен чек арада жайгашкан айылда "Акыл эмгегинин маданияты", "Энелер мектеби" усулдарына таянып, №3 эксперименталдык гимназияны түптөгөн. Ал иштеп чыккан усулдар, программа менен даярдап чыгарган китептер менен билим алган гимназиянын бүтүрүүчүлөрү ошол күндөн ушул күнгө чейин республикадагы жана чет өлкөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларга акысыз өтүп келишет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11233