Ошто, Жалал-Абадда банкоматтарды талкалап, акчаларды алып жүргөндөр камакка алынды
RU

Ошто, Жалал-Абадда банкоматтарды талкалап, акчаларды алып жүргөндөр камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында банкоматтарды талкалап, андагы акчаларды уурдап жүргөнгө шектелип эки жаран кармалды. Шаардык милициядан кабарлашкандай, шектүүлөр бир катар аймактарда уурулук кылышкан.

Тергөөнүн алгачкы маалыматтарына караганда, алар Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат райондорунда, Ош шаарында жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундорунда кылмыштуу иштерин жасашкан. Шектүүлөр бир жылда 19 ирет кылмыш жасагандыгы аныкталды.

Кармалгандар - Ош облусунун Ноокат районунун 31 жаштагы тургуну А. уулу Н. жана Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну Ю.М.

Экөө теӊ мурда бир нече жолу сот жообуна тартылышкан. Кылмыш чөйрөсүнүн идеяларын колдошот.

Бүгүнкү күндө уурулук фактылары боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүүлөргө Ош шаардык соту тарабынан тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча санкция берилип, Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторуна киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11234