Сирияга кетейин деген. Жасалма паспорт алууга аракет кылган өзбек жараны кармалды
RU

Сирияга кетейин деген. Жасалма паспорт алууга аракет кылган өзбек жараны кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын жасалма паспортун алууга аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК органдары эл аралык террористтик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча иш алып барышып, анын жүрүшүндө өзбекстандык Х.А.Х. кармалган.

"Ал "И.М." уюмунун эмиссарларынын жардамы менен Кыргызстандын жараны деген жасалма паспортун алып, Сириянын аймагындагы согуштук зонага чыгууга аракет кылган.

Өзбекстандын жараны ЭТУ/ДЭУга тиешеси бар экендиги үчүн Өзбекстан Республикасынын аймагында издөөдө жүргөнү аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11251