Мэрия шаар ичине адамдын жүзүн тааныган видеобайкоо камераларын орнотту
RU

Мэрия шаар ичине адамдын жүзүн тааныган видеобайкоо камераларын орнотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мэрия көчөдөгү коопсуздукту камсыздоо үчүн видеокамераларды орнотууну улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилиши, Киев, Токтогул жана Чокморов көчөлөрүнүн боюндагы төрт кесилиш атайын жабдуулар менен жабдылып, жакында адамдын жүзүн тааныган дагы төрт камера орнотулат.

Кесилиштерде орнотулган камералар күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары соода-сатык жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталат.

Белгилей кетсек, Биринчи Май районунун аймагына жүзүн таануучу жана аралыктан кол менен башкаруу мүмкүнчүлүгү бар 50дөн ашык камералар орнотулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11252