Ленин районундагы шайлоо. Талапкерлерди каттоо 27-апрелге чейин уланат
RU

Ленин районундагы шайлоо. Талапкерлерди каттоо 27-апрелге чейин уланат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясы №26 Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти.

Депутаттыкка талапкерлерди каттоо 27-апрелге чейин уланат. Үгүт иш-чаралары 8-27-май аралыгында өткөрүлөт.

Шайлоочулардын тизмелери боюнча иштин календардык планы да аныкталган:

  • Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүү жана жүктөө - 5-апрелге чейин;
  • шайлоочуларды тааныштыруу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмесин илип коюу - 11-апрелге чейин;
  • шайлоочулар боюнча маалыматттардагы ката же так эместиги, шайлоочулардын тизмесинде жок экендиги жөнүндө арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу - 11-апрелден 17-майга чейин (кошкондо);
  • шайлоочуларды тааныштыруу үчүн алардын контролдук тизмесин илип коюу - 8-майга чейин;
  • шайлоочулардын акыркы тизмесин түзүү - 23-майга чейин.

Шайлоо бюллетендерин даярдоо жана шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү 25-майга чейин бүтүшү керек.

Добуш берүүнүн өзү 28-майда саат 08:00дөн 20:00гө чейин болот. Ленин району боюнча депутатты шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо 11-июнга чейин деп белгиленди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11254