Министрлер кабинети дагы бир жаңы мамлекеттик ишкана түзүү чечимин кабыл алды
RU

Министрлер кабинети дагы бир жаңы мамлекеттик ишкана түзүү чечимин кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасын түзөт. Тиешелүү токтом коомдук талкуу үчүн Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Маалым болгондой, ишкана мамлекеттик ооруканаларды жана калкты жеткиликтүү баада дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыздоонун жаңы ыкмасын ишке ашыруу максатында түзүлүүдө.

Токтомдо ишкананын уставын бекитүү зарыл экендиги белгиленген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирдикте ишканага кампаны акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында берүүсү зарыл. Өз кезегинде Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы ишкананы юстиция органдарынан каттоодон өткөрүшү керек. Каржы министрлигине "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына 2023-жылы 500 миллион сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда бөлүп берүү жана келерки жылы да ушундай көлөмдөгү каражатты кароо тапшырмасы берилди.

Ишкананын жумушчуларынын эмгек акы фондусу быйыл 30 миллион сомду түзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11257