Ырчы Айпери Сыдыкова көз жарды
RU

Ырчы Айпери Сыдыкова көз жарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыз-Бурак" тобунун экс-солисти, жеке ырчы Айпери Сыдыкова үчүнчү наристесин жарык дүйнөгө алып келди. Бул туурасында ал социалдык баракчасына жазып, кубанычы менен бөлүштү.

Айтымында, бүгүн, 31-мартта көз жарды.

"Ыйык Орозо айында үчүнчү наристебиз жарык дүйнөгө аман-эсен келди", - дейт ал.

Айпери Сыдыкова 2003-жылы легендарлуу топко келип, сахнага "Чын эле мени унуттуңбу?" ыры менен чыккан. 2007-жылы аталган топтон кетип, жеке ырчы катары карьерасын уланткан. 2010-жылы турмушка чыгып, жолдошу экөө бир уул, биз кызды тарбиялап келишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11259