ЖККУнун Кыргызстандагы машыгууларында тынчтык орнотуу операциясы өткөрүлөт
RU

ЖККУнун Кыргызстандагы машыгууларында тынчтык орнотуу операциясы өткөрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-марттан 30-мартка чейин ЖККУнун биргелешкен штабында быйыл Борбор Азияда өтө турган уюмдун жамааттык күчтөрү менен биргелешкен машыгууларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча биринчи штабдык сүйлөшүүлөр өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстандын министрликтери менен ведомстволорунун, ошондой эле ЖККУнун катчылыгынын жана биргелешкен штабынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарага Кыргызстандан Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары, полковник Артур Темиров жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Башкы оперативдүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө "Биргелешкен машыгууларды өткөрүүнүн негизги идеялары, окууларга тартылган башкаруу органдарынын жана аскерлеринин курамы, жетекчиликти уюштуруу маселелери, ошондой эле биргелешкен жана атайын машыгууларды ар тараптуу колдоо" талкууланды.

Маалым болгондой, Борбор Азия чөлкөмүндөгү "Күжүрмөн боордоштук – 2023" машыгууларынын жыйынтыктоочу этабында ЖККУнун бейпилдик күчтөрү менен биргеликте "Бузулгус боордоштук-2023" машыгуусун өткөрүү пландалууда.

"Кыргыз Республикасынын аймагында ЖККУнун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын колдонуу менен тынчтык орнотуу операциясы жүргүзүлөт, анын жүрүшүндө кризистик аймакта жаңжалдан кийинки жөнгө салуу милдеттери иштелип чыгат", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11270