Айдаркендеги сымап ишканасынын жумушчулары иш таштады
RU

Айдаркендеги сымап ишканасынын жумушчулары иш таштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айдаркен сымап комбинатынын жумушчулары айлык маянасы төлөнбөгөндүктөн эскертүү иретинде бүгүн, 31-мартта иш ташташты. Бул тууралуу Кыргызстандын тоо-кен металлургиялык профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Эльдар Тажибаев билдирди.

Ишкананын профсоюз комитетинин төрагасы Тайыр Мурзарахматовдун айтымында, буга чейин январь, февраль айларында карызды төлөө талабы менен акциялар өткөн. Андан кийин айлыктын бир бөлүгү төлөнгөн.

Бирок жумушчулар бүгүнкү күндө февраль айынын айлыктарын ала элек, карыз 12 миллион сомдон ашты.

Ошондой эле техникалык каражаттарды, жабдууларды, жардыруучу материалдарды запастык тетиктер менен, жумушчуларды атайын форма, коргонуучу каражаттар менен камсыздоо боюнча маселелер бар.

Учурда комбинатта 600дөн ашык жумушчу эмгектенет.

Айдаркен сымап ишканасы сымап, сурьма, флюоритти чогуу казуу жана кайра иштетүү боюнча түркиялык "Дуваташ" ЖЧКсы менен келишим түзгөн. Бирок белгилүү себептерден улам өнөктөш компания каржылоо көйгөйүнө туш болду.

Кыргызстандын тоо-кен металлургиялык профсоюзу "Дуваташ" ишканасынын жетекчилигине айлык маяна боюнча карызды төлөө талабы менен кайрылат. Ал эми мамлекеттик органдарды инвесторлорго көмөк көрсөтүүгө чакырат.

"Ошол эле учурда жумушчуларга өндүрүш процессин жандандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деди Тажибаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11274