"Мени жамандагыла, бирок элиме сөз жугузбагыла". Ташиев тажик саясатчысына жооп кайтарды
RU

"Мени жамандагыла, бирок элиме сөз жугузбагыла". Ташиев тажик саясатчысына жооп кайтарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин мурунку жетекчиси жасаган билдирүүгө жооп кайтарды. Ал андан мурун Ташиевге карата сын пикирин айтып, анын билдирүүсүн "болбогон сөз" - деген.

Ташиевдин билдирүүсү

Камчыбек Ташиев тажик тарапка мындай деп айткан: "Биринчиси, биз мыйзам чегинде анлавдын чек арасын өлчөйбүз, ал мындан ары өспөйт, жана Ак-Сай айылын айланып өто турган жол берүүгө макулбуз. Экинчиси катуураак: биз Ворух анклавын алмашууга даярбыз. Эгер алар бизге ушул анклавдын аймагын 12 миң гектар жерди калтырышсы, бир Баткен облусунун башка райондорунан Лейлек жана Баткен райондорунан 12 миң гектар жер бөлүп берүүгө даярбыз. Биз ошол аймактардын тизмесин да бердик. Бирок азырынча тажик тарап жооп кайтара элек".

Ташиевге Тажикстандын ТИМинин мурунку жетекчисинин жообу

Хамрохон Зарифи өзүнүн постунда Ворух боюнча пикирин билдирип, Ташиевге сын айткан.

"Бул чала саясатчы сүйлөшүү процесстеринин эрежелерин, этиканы жана башка өлкөнүн делегациясына урмат-сый менен мамиле кылыш керек экендигин эске албай, өзүнүн Ак Үйгө болгон жортуулу сыяктуу тажрыйбаны башка эгемен өлкөгө колдонуп көрүүнү чечти. Тажик жерине какап-чакап калбагай эле. Мас достор биргеликте кезектеги мыйзамдуу шайланган президентти кууп салгандай, Тажикстандын аймагы Ташиев секирип өткөн Ак Үйдүн тосмосу эмес", - деп Зарифи жазган.

"Силер Кыргыз өлкөсүндө дээрлик ар жылы баш аламандык уюштуруп, аны революция деп атап, кезектеги президентти тактысынан алып, аны өлкө лидери катары эмес, коңшу айылдагы банданын жетекчиси катары кабыл аласыңар. Эгерде ал өлкөдөн качып кетүүгө үлгүрбөй калса түрмөгө отургузасыңар".

Ташиев жообун көпкө күттүргөн жок

"Тажикстандын бир аксакалы Хамрохон Зарифи мамлекеттер аралык чек ара маселеси боюнча мага нааразычылыгы боюнча жазган экен.

Мен эмне кылдым? Мен өкмөттүк делегациянын башчысы катары Ворух анклавынын чечими боюнча сунуштарыбызды кесиптешим, урматтуу Саймумин Сатторовичке эки тараптын делегациясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда тапшырдым, болду.

Анан эмне үчүн Хамрохон аксакал өтө жаман жооп кайтарып, өзүнүн маданиятынын төмөндүгүн жана душмандык мамилесин көрсөтөт, же, менин өлкөмдүн кызыкчылыгын коргобогон алардын сунуштарына макул болбой койгондуктанбы? Кандай гана болбосун, мен бардыгын жакынкы коңшубуз Тажикстан элине достук мамиледе болууга чакырам, ар кандай провокацияларга алдырбоону суранам, Кудай буюрса, баары жакшы болот!" - деп Ташиев Facebook'тагы аккаунтуна жазган.

Мени каалашыңарча жамандай бергиле, бирок улуу кыргыз элине сөз тийгизбегиле, суранам.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1127