Этнограф: Жарамазан айтууну акча табуунун ыкмасына айландырып, салтыбызды бузуп жатабыз
RU

Этнограф: Жарамазан айтууну акча табуунун ыкмасына айландырып, салтыбызды бузуп жатабыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүнкү күндө жарамазан айтуу тилемчиликтин маданияттуу формасына айланып калды дейт тарых илимдеринин доктору, профессор, этнограф Сулайман Кайыпов. Айтымында, учурда бардык нерсе товарга айланып кетти.

"Адамдар элдин салтын дагы товарга айландырып, ошондон акча тапкысы келип калды. Ар бир сөз товар. Азыр жарамазандын сөзү да товар. Унааңды токтото албай жатсаң, жүгүрүп келип жарамазан айткандар бар. Жаттап алганын айтып бергенден кийин колуна акча карматып, жарамазанды кечинде айтат десең түшнгөндөй болушат.

Жарамазанды жаш балдардын, кыздардын күндүз эле көчөдө айтып жүргөнү жаман сөз айткым келбейт, бирок тилемчиликтин эле маданияттуу түрү болуп баратат. Салтыбызды акча табуунун ыкмасына айландырып жибергенибиздин өзү туура эмес. Бул маданият эмес, бул салттуу маданияттын бузулуп баратканын көрсөтөт", - дейт Кайыпов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11287