Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат
RU

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Велосезондун ачылышына байланыштуу Бишкекте айрым көчөлөр тосулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эртең, 2-апрелде саат 08:50дөн тарта:

  • "Ала-Тоо" аянты, Чүй проспектисинин Панфилов менен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Байтик Баатыр көчөсү менен Асанов атындагы Жеңиш паркына чейин жабылат.

Иш-чара "Ала-Тоо" аянтынан саат 09:00дө башталып, Асанов атындагы сейил багында 10:30да жыйынтыкталат.

Эске салсак, уюштуруучулар борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен "Мегаком" компаниясы, "Velofriends позитив KG" бейөкмөт уюму.

Шаардык мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн жарандардан кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландаштырууну суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11290