Месси Барселонага кайтат: анын клубдагы номери белгилүү болду
RU

Месси Барселонага кайтат: анын клубдагы номери белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аргентиналык футболчу Лионель Месси Барселонага кайтып келсе өзүнүн 10-номерине ээ болот, деп билдирет euro-football.ru.

Маалыматта Лионель Месси Барселонанын башкы машыктыруучусу Хавиге клубга кайтууну каалаганын билдиргени жазылган.

"Ресурстун маалыматы боюнча, ПСЖнын чабуулчуну сактап калуу мүмкүнчүлүгү күн сайын азайып баратат. "Барселона" буга чейин эле париждиктер менен келишими июнь айында бүтө турган аргентиналык футболчуну клубга тартуу боюнча иштерди баштаган.

Журналист Ашраф бин Аяддын айтымында, Месси "Камп Ноуга" кайтып келсе, кайрадан онунчу номурга ээ болот. Барсачылар 10-номердеги көйнөк чоң киреше табат деп күтүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Ансу Фати учурда Барселонада №10, ал эми Месси ПСЖда 30-номер менен жүрөт.

Эске салсак, Месси 2003-2021-жылдары "Барселонанын" түсүн коргоп, андан кийин "Пари Сен-Жерменге" өткөн. Анын париждиктер менен келишими 30-июнга чейин жарактуу, анда келишимди дагы бир сезонго узартуу варианты каралган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11297