Садыр Жапаров өлкөнүн геологдорун кесиптик майрамы менен куттуктады
RU

Садыр Жапаров өлкөнүн геологдорун кесиптик майрамы менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-апрелде, өлкөнүн геологдорун кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ал геология тармагы Кыргызстандын экономикасынын бюджетин түзүүчү жана стратегиялык багыттарынын бири болуп саналарын айтып, геологдордун эмгеги биздин өлкөнүн өнүгүшү үчүн зор мааниге ээ деп билдирди.

"Сиздердин илимий жана иш жүзүндөгү ийгиликтериңиздер Кыргызстандын инвестициялык климатын жакшыртууга жана өлкө экономикасына инвестицияларды тартууга чоң өбөлгө болууда.

Биздин баа жеткис байлыгыбыз – жер казынабыз социалдык-экономикалык жана рекреакциялык мүнөздөгү көптөгөн курч маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ушуга байланыштуу жер казынасын жана кен байлыктарын туура пайдалануу жаатында туруктуу саясатты камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты катары каралууга тийиш", - деди ал.

"Бүгүнкү күндө бул тармакка болгон мамиле кескин өзгөрдү. Мамлекет өзү стратегиялык кендерди жергиликтүү мамлекеттик ишканалар аркылуу иштетүүнү колго алды.

Жасалган реформалардын жыйынтыгында региондордун инфратүзүмүн өнүктүрүү, жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылуу жүзөгө ашып, аймактардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жанданууда.

Геологдордун талыкпас эмгегинин аркасында Кыргызстандын минералдык-сырьелук базасы түзүлдү.

Алдыбызда аны өнүктүрүү, коргоо, ырааттуу жана сарамжалдуу пайдалануу милдети турат.

Биз жер казынасын пайдалануу чөйрөсүнө инвестиция тартууга шарттарды түзүү менен бирге дүйнөлүк алдыңкы ыкмаларды өздөштүрүүгө умтулуубуз зарыл", - деп айтылат куттуктоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11300