Кытай өзөктүк куралдын чет өлкөлөрдө жайгаштырылышына каршы чыкты
RU

Кытай өзөктүк куралдын чет өлкөлөрдө жайгаштырылышына каршы чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пекин өзөктүк куралы бар бардык мамлекеттер аларды чет өлкөдө жайгаштырбашы керек, ал эми бар болгон учурда өзөктүк куралын башка өлкөлөрдөн чыгарып кетүүнү жактайт. Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кытайдын аталган уюмдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Гэн Шуан билдирди деп маалымдайт DW.

Кытай бардык өзөктүк державаларды 2022-жылдын январындагы декларациянын принциптерин сактоого, өзөктүк согуш коркунучун азайтуу үчүн чараларды көрүүгө жана өзөктүк куралы бар мамлекеттердин ортосунда ар кандай куралдуу кагылышууларды болтурбоого чакырат.

Бул Улуу Британия, Кытай, Россия, АКШ жана Франциянын лидерлеринин биргелешкен билдирүүсү. Документке кол койгондор "ядролук согушта эч кандай жеңүүчүлөр болушу мүмкүн эмес жана аны эч качан чыгарууга болбойт" деп баса белгилешкен. Ошондой эле массалык кыргын салуучу бул куралдарды бири-бирине же башка өлкөлөргө багыттабай тургандыктарын ырасташкан.

Ошол эле учурда Кытай тарап Россия менен Украинанын ортосундагы куралдуу жаңжалга өзөктүк коркунучтун контекстинде комментарий берди. Гэн Шуандын айтымында, Пекиндин позициясына атомдук электр станцияларына куралдуу кол салууларга каршы туруу кирет.

"Кытайдын БУУдагы өкүлүнүн орун басары бардык тараптар рационалдуулукту жана сабырдуулукту сактап, эл аралык коомчулук сүйлөшүүлөрдү эртерээк кайра баштоо үчүн шарттарды түзүшү керектигин баса белгиледи.

25-мартта Россиянын президенти Владимир Путин Москва Беларустун аймагында тактикалык өзөктүк куралын жайгаштыруу ниетин билдирген. Беларустун башчысы Александр Лукашенко беларусь элине жана парламентине кайрылып, "эгер, керек болсо, республикада стратегиялык өзөктүк курал да жайгаштырылышы мүмкүн экенин четке каккан жок", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11304