Аяна Касымова ажырашуусунун себебин айтты
RU

Аяна Касымова ажырашуусунун себебин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Аяна Касымова жолдошу менен эки башка жолго түшүүсүнүн себебин айтты. Ал Адилет Ногойбаевдин YouTube каналына берген маегинде жеке жашоосу, чыгармалыгы тууралуу суроолорго жооп берген.

Айтымында, жолдошу менен бүгүнкү күндө деле байланышып турат.

"Баары күнөөлүү. Мен болгону башка жашоону, башка багытты тандадым. Коргоону сезбеген, мага жайлуу болбогон үйдөн кеттим. Турмушка чыкканда таптакыр башка чөйрөгө, башка үйгө, башка бүлөгө барасың, бул кыз үчүн оор. Биз ата-энебиз (ред.:кайнене, кайната) менен чогуу жашачубуз. Бир ашканага эки кожойке батпайт деген жашоо чындыгы. Кандай гана аракет болбосун, баары бир пикир келишпестик, тигил же бул нерсе жакпайт деген нерселер болот. Мен келинмин да, дайыма бир нерсе жасап турушум керек. Мындай чөйрөдө өзүң үчүн жашоо мүмкүн эмес болчу", - дейт.

Ырчы белгилегендей, жолдошу үйдүн улуусу болгон. Алардын өзүнчө бөлүнүп жашоосуна ата-энеси каршы болушкан.

"Менин тажрыйбамдан караганда, күнүмдүк тиричиликтен улам айрым учурда жолдошум менен убакыт өткөргөнгө мүмкүн болбой калчу. Мени ак кол, жылдыз, эч нерсе кыла албайт дешпесин деп келиндик милдетимди аткарганга аябай аракет кылдым. Айылга барып, бээ, уй саап, каймак жасап, ичеги артып... Мен келиндик милдеттерден коркпойм, турмушка чыксам өзүмдүн милдеттерим болот дегенге даяр болчумун. Бирок мунун барын милдет катары кабыл алып, эч ким эмгегиңди баалабай, эч ким колдобой койгондо өзүмдүн жашоом менен жашабай жатканымды түшүндүм. "Аяна, эмнеге өзүңдүн жашооң менен жашабай жатасың, сен башкача каалабадың беле" деген ойлондум", - деген ал.

Аяна Касымова жолдошунун талабы менен чыгармачылыктан баш тартканын да кошумчалаган. Ошондой эле конфликттен кийин жолдошу менен ажырашуу чечимин кабыл алышканын белгилеген.

Белгилей кетсек, Касымова 2022-жылы июнь айында турмуш жолуна аттанган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11309