Өзбекстандын президентин интернеттен кемсинтип жамандагандар жазага тартылат
RU

Өзбекстандын президентин интернеттен кемсинтип жамандагандар жазага тартылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

nur.uz сайты берген маалыматка ылайык, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв аны каралап, же кемсинтүү үчүн жаза чарасын көрүү боюнча Жазык кодексине толуктоо киргизди.

Өзбекстан Республикасынын президентин телекоммуникациялар түйүнүн колдонуп жа маалыматтык Интернет түйүнү аркылуу каралоо үчүн беш жыл эркинен ажыратуу же үч жылга чейин түзөтүүчү жайда иштөө жаза чарасы каралган.

Мурда деле президентке карата каралоо жана эл алдында жамандоо үчүн жоопкерчилик каралган болчу. Анда басылмаларда жана массалык маалымат каражаттарында, деп жазылган эле.

Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күнүнөн тартып күчүнө кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1130