Бишкектеги караоке-клубда киши сабалды
RU

Бишкектеги караоке-клубда киши сабалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Center Bar караоке-клубунда шаар тургуну сабалды. Шектүү кармалганы менен аны сот үй камагына чыгарган. Бул туурасында Kaktus.media сайтына шаардык милициядан билдиришти.

Такталган маалымат боюнча, 5-мартта Биринчи Май РИИБине А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 04:00 чамасында Center Bar караоке-клубунда белгисиз адам ага кол салып, изин жашырып кеткенин айткан.

Аталган факты боюнча "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгон. Шектүү 1998-жылы туулган К.А. экени такталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кармалган жаранда тергөө судьясы үй камагына чыгарып койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11312