Мектепке электрондук каттоо башталды. Каттоонун шарттары, нускамалары
RU

Мектепке электрондук каттоо башталды. Каттоонун шарттары, нускамалары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-апрелде мектепке электрондук каттоо старт алды. 6-7 жаштагы балдарды мамлекеттик, муниципалдык жалпы билим берүү мекемелерине кабыл алуу mektep.edu.gov.kg шилтемеси боюнча бирдиктүү маалыматтык система аркылуу ишке ашырылат.

Мектепке электрондук кабыл алуу этап менен жүргүзүлөт:

  • биринчи этап - мыйзамдуу жашаган (катталган) жери боюнча - 10-апрель саат 09:00дөн 25-июнга чейин;
  • экинчи этап - катталган жерине карабастан - 26-июндан 31-августка чейин саат 09:00гө чейин.

Билим берүү министрлиги балдардын ата-энелерине же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө алдын ала mektep.edu.gov.kg сайтына кирип, төмөнкүлөрдү аткарууну сунуштайт:

  • "Туугандыгын текшерүү" бөлүмүнө кирип, ата-эне менен баланын ортосундагы байланышты текшерүү үчүн атасынын же энесинин жеке идентификациялык номерин көрсөтүп, "текшерүү" баскычын басуу;
  • Персоналдык идентификациялык номер чыкпай калган учурда Калкты тейлөө борборуна кайрылуу зарыл;
  • баланын кайсы мектепке карай турганын билүү үчүн "Мектепти издөө" бөлүмүнө кирип, атасынын же энесинин жеке идентификациялык номерин жазып "текшерүүнү" басуу;
  • эгерде ата-энелердин же мыйзамдуу өкүлдүн электрондук почтасы жок болсо, аны түзүү керек.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11315